Болсунбек Казаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы болуп дайындалды

Болсунбек Казаков өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 1-июлда өкмөттөн билдиришти. Аталган агенттикти буга чейин жетектеп келген Бабырбек Жээнбеков кызматтан жакында алынган.

Тактай кетсек, "Кудайберген" базарынын ээсинен пара талап кылуу фактысы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалган. Кармалган кызматкер акчаны өзүнүн жетекчиси Бабырбек Жээнбековго бере турганын айткан. Бул окуядан кийин өкмөт башчы Б.Жээнбековду иштен бошоткон.

Ал эми Б.Казаков буга чейин Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментти жетектеп келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан