Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 1-июлда Кыргызстандагы салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери! Сиздер бүгүн мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык турмушунун алдынкы катарында эмгектенип жатасыздар. Чындыгында, ар бир салык кызматкеринин ак ниет жана акыйкат эмгегине жарандарыбыздын жашоосу жана алардын эртеңки күнгө ишеними байланыштуу",- деп башталган куттуктоодо салыкчылардын коомдогу орду баса белгиленет.
"Биз бардык күчүбүздү колдонуп, жакын арада коррупциядан арылган салык системин түзөбүз",- деп жыйынтыкталат куттуктоо.