Бишкектеги Октябрь райондук администрациясы 2-июлда райондо иштеген медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт. Муну 1-июлда мэриядан кабарлашты. Чакырылгандарга майрамдык дасторкон жана концерттик программа тартууланат. Кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылмакчы.
Айта кетсек, Кыргызстанда Медицина кызматкерлеринин күнү июль айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келет.