Бишкектин Ленин районуна караштуу Ала-Тоо конушундагы мыйзамсыз курулуш бузулду. Бул тууралуу мэриянын Жеке турак жай куруу департаменти билдирди. Аталган конуштагы 2 үйдүн дубал тосмосу бузулуптур. Аталган иштер негизги көчөнү оңдоо иштерине байланыштуу жасалып жатканы айтылды.