Жоомарт Оторбаев бажы төлөмдөрү боюнча планды аткарбаганы үчүн мекеменин жетекчилигинин ишин сынга алды

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1-июлда бажы төлөмдөрүн чогултуу менен республикалык бюджеттин божомолдорунун аткарылышына багытталган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бажы төлөмдөрү боюнча планды аткарбаганы үчүн өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинин ишин сынга алды. 2014-жылдын биринчи кварталында аталган мекеме менен Салык кызматы тарабынан чогултулбай калган каражаттардын суммасы 2 миллиард сомго жакындаганын айтып, аймактардагы бөлүмдөрдүн ишин текшерүү керектигин баса белгилеп өттү. Текшерүүдөн кийин начар жыйынтык көргөзгөн кызматкерлерди жумуш ордунан бошотуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан