Нарын шаарында 2012-жылдын 23-декбарында катталган киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган күнү Нарын шаарынын 60 жаштагы тургунунун үйүнөн 54 жаштагы О.Н. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Каза болгон адам санына бычак сайылып, көп кан жоготуудан улам каза тапканын соттук-медициналык экспертиза аныктаган. Окуяга байланыштуу укук коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам изилдөө тобу Нарын шаарынын тургунун, ошол эле үйдүн ээсин кармашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка мас болуп, чатакташа кетүү себеп болгон. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.