Эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Бишкектен кармалып, камакка алынды

Эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын 53 жаштагы жараны Я.Нихат Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган жаранга 2006-жылдан бери Түркия ИИМинин өтүнүчү менен эл аралык издөө жарыяланган. Ага өз өлкөсүндө чоң көлөмдөгү баңгизатын Голландияга өткөргөнү үчүн айып тагылып, Түркиянын Жогорку Соту анын күнөөсүн далилдеген. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Нихат Бишкектеги Жал кичи районунда жашап, кыргызстандык аялга үйлөнүп, эл аралык жүк ташуу боюнча бизнес жүргүзүп келгени билдирилди. Учурда ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, мекенине экстрадициялоо маселеси каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан