Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушун улантуу иши токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарланды. Учурда жолдун курулушун баштоо үчүн атайын жыйын болуп жатат. Тиешелүү техникалар Ак-Сай айылына жеткирилгени айтылды.
“Министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов жолдун курулушун баштоо үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүдө. Эгерде тараптар бир чечимге келе алышпаса, жолду куруу иш улантылбай калышы ыктымал. Бирок бүгүн жолду куруу башталыш керек”,- деп билдирет министрлик.
Бүгүн түшкө маал Баткендин Ак-Сай айылындагы Тамдык тилкесинде тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетти.
Эскерте кетсек, айланма жолдун курулуш иши өткөн жылы декабрь айында башталып, Тажикстан жарандары 2014-жылдын 11-январында жолдун курулушуна каршы чыгып, эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуу орун алган болчу.