Баткен. Кыргызстандык журналистти Өзбекстандын жарандары сабап кетишти

Кечээ, 10-июлда Кадамжай райондук гезитинин башкы редактору Кайрат Жапаровду өзбекстандык жарандар сабап кетишти. Муну SUPER.KG порталына журналист өзү тастыктады.

Айтымында, Кадамжайдын Ак-Турпак айылына жумуштан чыгып, унаасы менен бара жатса, Өзбекстанга караштуу Жигит-Пирим айылынан чыга калган он чакты жигит себепсиз эле сабап салышкан. Жанындагы иниси да сабалып, экөө оор жаракат алып, учурда райондук ооруканада жатат. Өзбекстандык жигиттер унаасын да талкалап салышкан.

"Кадамжайдан өзүмдүн айылым Ак-Турпакка иним экөөбүз баратканбыз. Жигит-Пирим айылына жакын жерден жолдун боюна токтоп, суу ичип алайын дегем. Бир убакта өзбекстандык ондой жигит келип, "сен бул жерге токтобо, бул жерден кет" деп түрткүлөштү. Анан машинага отурарда машинадан тартып чыгып сабап салышты. Инимди да сабашты. Машинаны аңтарып, талкалап салышты”,- дейт Жапаров.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан