Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Тажикстанга нота жиберди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын компетенттүү органдарынан бардык маалыматтар алынган соң, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине мындан ары тажик тарап мындай кырдаалдарга жол бербөөсү тууралуу нота жөнөттү.

Ал эми Кыргызстандын вице-премьери Абдырахман Маматалиев менен Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан