2012-жылы өрт кырсыгынан өлкөдө 71 унаа, 3 миң тонна тоют, 52 баш мал өрттөнүп, 139 имарат толук күйүп жарактан чыккан. Өрттөлгөн мекемелердин ичинде 17 мектеп бар. Өрт кырсыгынын 37,1 пайызы отту туура эмес пайдалануудан, 30,4 пайызы электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан, ал эми 10,3 пайызы балдардын от менен ойноосунан келип чыккан. Тилсиз жоонун 60 пайызга жакыны турак үйлөрдө болгон.