Эл аралык футбол федерациясынын апрелге карата жаңыланган рейтингинде улуттук курам 100-орунду сактап калды

Бүгүн, 5-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында апрель айына карата рейтинг жаңыланды. 209 мамлекеттин ичинен улуттук курамабыз 100-орунду сактап калды. Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 12-орунду ээледи.

Учурда мамлекетибиздин улуттук курамасынын эсебинде 340 упай бар.

Кошумчалай кетсек, рейтинг расмий оюндардын жыйынтыктарына карата чыгарылат. Улуттук курам акыркы расмий беттешин 29-мартта Тажикстан курамасына каршы өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңип алган. Бул Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы акыркы беттеш болгондуктан, улуттук курам апрель айында расмий беттеш өткөргөн жок.

100-орун кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bektang
2016-05-06 13:47:02
Баракелде буйурса мындан да алдыга жылабыз жакында
0
omurbekFCB
2016-05-06 23:56:55
Кыргызстан алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан