Футбол боюнча Кыргыз курама командасы өз талаасында өткөргөн 2 жолдоштук беттештен кийин ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 1 сапка өйдө көтөрүлөт.
ФИФАнын 289-рейтинги расмий түрдө 20-сентябрда жаңыланат. Аталган рейтингде жолдоштук беттештердин жана Улуттар Лигасынын 2 турунун жыйынтыктары эсепке алынат.
Кыргыз курама командасы өз талаасында 6-сентябрь күнү Палестина улуттук курама командасы менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Ал эми 10-сентябрда орун алган беттеште күчтүү командалардын бири Сирия улуттук курамасын 2:1 эсебинде жеңип алган.
2 беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы кошумча 5 упай алып, 1265 упай менен 92-орундан 91-орунга көтөрүлөт.