Каржы министрлиги 2015-2017-жылдарга бюджет долбоору боюнча өлкө аймактарында коомдук угууларды өткөрдү

Каржы министрлиги 22-25-июль күндөрү Каракол, Ош, Нарын, Баткен шаарларында Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаттары болуп мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде бюджеттин ачыктыгын камсыздоо, бюджеттик процесстерге жарандардын кызыгуусун арттыруу, активдүү катышуусун камсыз кылуу болуп саналат. Коомдук угууларга каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев, жооптуу кызматкерлер, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, айыл, шаар, район, облус жетекчилери катышты.

Коомдук угуулар Мульти-донорлук трасттык фондунун “Мамлекеттик финансыны башкаруудагы потенциалды жогорулатуу” долбоорунун жардамында өттү. Анда жергиликтүү коомдун өкүлдөрү тарабынан жергиликтүү бюджет, дем берүүчү жана теңдештирүүчү гранттар, социалдык жана чек ара маселелерин чечүү боюнча иш-чараларды каржылоо жана башка маселелер көтөрүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан