Турсунбай Бакир уулу Израиль мамлекетинин желегин айрып салды

Бүгүн, 4-августта Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Израиль мамлекетинин желегин айрып салды. Депутат айрылган желекти жыйынга катышып жаткандарга ажатканага колдонууга бөлүп берди. 
"Израилдин желегин 3 жыл мурун өрттөп жибергеним эсиңиздерде. Бүгүн муну айрып, анан дааратканага колдонууга алып келдим. Муну туалетке гана колдонууга болот, кагаздын ордуна",- дейт ал.   

Мындан сырткары Бишкекте Палестина элин колдоо комитети түзүлгөнүн маалымдады. Анын айтымында, комитет Палестина элин коргоо үчүн эл аралык деңгээлде иш кылат. Палестина элин коргоо комитетин түздүк. СССР учурунда Палестинаны коргоого алган комитеттер көп болчу. Азыр палестиналыктар өздөрү менен өздөрү калышты. Ал эми биз түзгөн комитеттин иш-чаралары кенен. Газадагыларды эл аралык аренада коргоого алабыз”,- деди Бакир уулу.

Палестина элин колдоо комитети өлкө башчы Алмазбек Атамбаевден Газадагы кырдаал боюнча расмий билдирүүнү талап кылары айтылды. Буга чейинки өткөн акцияда комитет мүчөлөрү мамлекет башчынын Газа боюнча расмий билдирүү беришин талап кылышкан. Бирок жооп болгон эмес.

Буга чейинки өткөн акцияда да Атамбаевге талап койгонбуз, бирок эч кандай жооп болгон жок. Эми комитет түзүлдү, комитеттин атынан талап кылабыз. Жооп болбосо, жок дегенде КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасашы керек”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан