Мамлекеттик айыптоочулар 7-апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын арасындагы 3 адамга карата чыгарылган актоо өкүмүн артка кайтарууну өтүнүшүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик айыптоочулар 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын арасындагы О.Ребенок, Р.Байтоков, С.Цигельников аттуу “Альфа” атайын кызматтагы аскерлерине карата чыгарылган актоо өкүмүн кайра артка кайтарууну өтүнүшүүдө. Себеби О.Ребенок менен Р.Байтоков атайын кызматтагы аскерлерди башкарып туруу менен Ж.Бакиевдин мыйзамсыз буйруктарын аткарып турушкандыгы сотто эске алынбай калгандыгын билдиришкен.
Ал эми С.Цигельников адамдар кандай зыян тартып каларын билип туруп, Мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Данияр Дунгановдун буйругу менен митингчилерге карата РПГ-18 “Муха” куралы менен ок чыгарган.
2010-жылдын 7-апрелинде аянтта 77 адам каза тапкан. Аталган окуя боюнча сот иши 3,5 жылдан ашык убакытка созулуп, 2014-жылдын 25-июлунда соттук өкүм чыгарылып, мурда жооптуу кызматты ээлеп келген бир катар адамдар сот жообуна тартылышкан. Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылса, "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери акталышкан болчу.