Апрель окуясы боюнча сотто "Альфа" атайын аскер бөлүгүнүн аскерлери толугу менен акталды

Бүгүн, 25-июлда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик соту "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин актоо чечимин чыгарды. Ал эми анын командири Алмаз Жолдошалиев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга соттолуп, сот залынан камакка алынды.

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарлары 25 жылга эркинен ажыратылышты. Сот аталган кызматта иштеп келген Нурлан Тимирбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратты. Аны менен кошо 25 жылга кесилген Данияр Дунганов ден соолугуна байланыштуу убактылуу үй камагында болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан