"2015-2017-жылдарга карата бюджет социалдык тармакка багытталууда. Каражаттын негизги бөлүгү саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык камсыздоого сарпталат. Ички дүң продукциянын деңгээлинин 45 пайызын социалдык сектор түзүүдө. Бул тармактагы чыгашалар да жыл сайын өсүүдө. Биз бул жаатта көп каражат бөлүп жатабыз",- деди өкмөт башчы.