"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" аталышындагы флешмоб жайдын акыркы аптасында популярдуулугу артып, акцияга ырчы, актёрлордон тартып саясатчыларга чейин катышкан эле. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган эл кайрымдуулукту түрдүүчө жасады.
Индияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир чака күрүч берип жаткандагы сүрөттү интернеттеги социалдык тармактарга жүктөө эрежеси менен акция өткөрүлгөн эле. Ал эми британиялык механик "Үстүңө унаа майын куй" акциясын баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Башкалар үстүнө бир чака муздак суу куюп жатканда Колин Мейрик өзгөчөлүк киргизүүнү чечип, үстүнө 30 литр унаа майын куйган. Ал рак илдетинен каза болгон энесин эскерип, рак менен күрөшүп келген фондго акча каражатын которууну убада кылган. Ал эми "Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" аталышындагы флешмобго дүйнө эли катышып, 100 миллион доллар чогулган.