Асылбек Жээнбеков Улуу Британиянын депутаттары менен Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-сентябрда Улуу Британия парламентинин депутаттарын кабыл алып, алар менен Максим Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга экстрадациялоо жана алар тараптан мыйзамсыз сыртка чыгарылып кеткен акчаларды кайтарып алуу тууралуу сүйлөштү. Төрага Кыргызстандын коомчулугу үчүн бул маанилүү маселе экенин айтты. Буга байланыштуу Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү бул боюнча Кыргызстан бийлигинин позициясына өзгөчө көңүл буруп, ушул жылдын октябрында Улуу Британиянын юстиция министринин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатканын, ошондо ушул жана башка маселелер жогорку деңгээлде талкууланарын билдиришти.

Парламенттик демократия мамлекеттин турмушундагы бардык тармактардын тутумдуу тазаланышына, өлкөнүн ар тараптан өнүгүшүнө алып келет. Кыргызстан эли өлкөнүн өнүгүүсүнө тандалып алынган жолго зор үмүт артып турат. Бүгүнкү күндө өлкө бийлиги демократияны бекемдөө боюнча кабыл алынган чаралар менен бирге экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө алгылыктуу иштеп жатат. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүш объектилерин түзүү, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү боюнча көлөмдүү иштер аткарылып жатат”,- дейт спикер.

Кыргызстандагы шайлоо системин реформалоо ишине да токтолду Жээнбеков. “Биз элдин шайлоолорго болгон ишенимин калыбына келтирүү максатын коюп жатабыз. Шайлоо процессине заманбап технологияларды, анын ичинде калкты биометриалык каттоо системин киргизүү менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоону демократиялык принциптердин негизинде ачык, таза өткөрүүнү пландап жатабыз”,- деди ал.

Британиялык депутат Жон Мэнн Улуу Британия Кыргызстанды Борбор Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөш катары эсептээрин белгиледи. Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолун тандап алды. Биз сиздердин өлкөнү кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдойбуз. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы биздин приоритеттүү багыттарыбыздын таасын далили”,- деди ал.

Дагы бир чет элдик депутат Эндрю Ричард Розиндел Британия парламенти - дүйнөдөгү эң эски парламенттердин бири. Биз жеке сиз өзүңүз британиялык парламентке келип, биздин мамлекеттин парламенттик системине киргизилген күчтүү салттык негиздер менен таанышып кетесиз деп ишенебиз”, - деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан