Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга чыкты. Калыстар тобун таң калтырган таланттуу бийчилердин башында турган Атай SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берди.
- Атай, Германиядагы силер катышкан “Das Supertalent-2014” долбоору 27-сентябрь күнү көрсөтүлдү. Силердин талантыңарга, калыстардын таң калып, силерди тандоо турунан түз эле финалга жөнөткөнүнө орток болдук. Телесынак качан, кайда болду?
- Бул телесынактын тартуу иштери август айында Германияда болгон. Ал эми теле аркылуу 27-сентябрда гана көрсөтүлдү. Биз финалга жолдомо алганыбызды август айында эле билгенбиз. Бирок теледен берүү кеткенге чейин ал маалыматты таратуу укугуна ээ эмес болчубуз. Жалпысынан бул долбоорго катышкандардын саны 46 000ге жетиптир.
- Дүйнөнү кыдырып, бий өнөрү менен Кыргызстанды таанытып жүрөсүңөр. Бул долбоорго кандайча катышып калдыңар?
- Уюштуруучулар мени интернеттен таап, видеолорумду көрүп, анан чакырышкан. Мен өзүм жалгыз катышкым келбей, окуучуларымдан түзүлгөн “Тумар КР” тобунун видеолорун жөнөткөм. Алар абдан жактырып, чогуу баруубузга макул болушту. Ошентип, экинчи жолу “Тумар КР” менен биргеликте бир программа даярдап, бир сахнага чогуу чыгып жатабыз. Буга чейин Москва шаарында “Даңк мүнөтү” долбоорунда чогуу катышканбыз.
- 4 калыс алгач силердин бийге таң калып, анан ордуларынан туруп кол чабышты. Анан финалга чыгууңарды жапырт колдоп беришти. Алардын бул кадамы күтүүсүз болсо керек...
- Долбоордун тарыхында биринчи жолу ушундай көрүнүш болуп жатыптыр. Биз тандоо турунан түз эле финалга өткөн биринчи команда болдук. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басканда катышуучу түз эле финалга өтүп кетет экен. Ошентип, бизди жарым финалга катыштырбай туруп финалга жолдомо беришти. Ошондой эле сынакты ушул баскычында эле токтотуп, байгеге коюлган 100 000 еврону бизге берүү тууралуу да сөздөр болуп жатты.
*
- Сахнага чыкканда кыргызча сүйлөдүңүз. Көптөр муну колдосо, айрымдар "англисче же орусча сүйлөсө болмок" деп талкуулашууда. Уюштуруучулар кыргызча сүйлөгөнүңүз боюнча кандай пикир айтышты?
- Сахнанын артында бизди англисче куттуктап, ийгилик каалап жатышты. Сахнага чыкканда орусча сүйлөгүм келген жок. Ага чейин уюштуруучулар англис тилинде сүйлөшүм керек экенин айтып жатышкан. Сындагандардан качып кутулуу мүмкүн эмес болчу. Башка тилде сүйлөгөн күндө дагы "Эмнеге англисче сүйлөп жатат?", "Эмнеге орусча сүйлөп жатат?" деп талкуулагандар болмок. Жалпысынан сахнада кыргызча сүйлөп туура кылдым деп ойлойм.
- Финал декабрь айында болот экен. Финалга кайсы өлкөдө даярданасыңар?
- Украинага барып даярданабыз, буюрса. Ал жакта тааныштар бар. Кыргызстанда даярданганда көп нерсени ишке ашыра албайбыз. Бизге ошол жакта даярданган жеңилирээк болот. Буюрса, декабрь айына чейин катуу даярданабыз.
- Финалга кандай программа даярдап жатасыңар?
- Азырынча философиялык идея менен номер даярдоону ойлоп жүрөбүз. Балким, “Мен Франкенштейн” тасмасынын башкы каарманынын образында бий даярдайбыз. Биринчи турда биз “Электро оркестр” деген аталыштагы жөнөкөй эле бий менен чыктык, мааниси деле жок болчу. Эми финалда өзгөчө мааниси бар бий даярдасакпы деп турабыз.