Бишкек шаардык прокуратурасы Казакстандын жаранын талап-тоногон ИИМ кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы маалымдады. Эске салсак, 25-январь күнү өздөрүн "тергөө кызматкерлерибиз" деп тааныштырган Атакулов Медер, Исабеков Бакыт аттуу ИИМдин кызматкерлери жана мурда бир канча жолу соттолгон Чилов Бактыбек Бишкектеги “Дордой” базарынан Казакстандын К.А. аттуу жаранын коркутуп, анын 109 миң теңгесин (34 406 сом) тартып алышкандыгы айтылган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул адамдардан жабыр тарткандар болсо, милицияга кайрылышса болот.