Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге байланышкан чуулуу ишти иликтөө боюнча башкы прокурор Аида Саляновага тапшырма берди. Муну 23-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Өлкө башчы тергөө иштери бүткүчө К.Кадыралиевди кызматтан четтетип турууну да буюрду.
Айта кетсек, буга чейин депутат
Ыргал Кадыралиеванын агасы К.Кадыралиев менен жеке ишкерге байланышкан чыр
коомчулукка жарыяланган эле.