“Парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев “Мен бандитмин, бандит боюнча калам. Силер үч күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кеткиле” деп коркутуп кетти”,- дейт Кадыралиевден жабыр тарткан Ашыралы Келдибаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Канжар Кадыралиев жана анын жигиттери "20 миң доллар бер" деп баласын кордошкон.
“40 күндөн бери чындык издеп жүрөбүз. 31-августта түнкү саат үчтө бет капчан төрт бала үйгө кирип, балам Сактанды тапанча менен коркутуп, уруп, кемпирим экөөздүн колу-бутубузду байлап, камап салды. Анан баламды башка тапанча менен чапкылап, “20 миң доллар бересиң” деп болгон акчаларын алып кетишти. Бул жигиттер депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевдин жигиттери. Алардын бирин таанып калдым, ал Канжардын оң колу болуп жүргөн Абдисалам (каймана аты Саша) деген жигит. Булар баламды бир жылдан бери коркутуп, айына 2 миң доллардан өндүрүп жүрүшкөн экен. Балам муну бизге айтпай жүрүптүр”,- дейт Келдибаев.
Айта кетсек, бул окуя тууралуу жабырлануучу Ашыралы Келдибаев президент Алмазбек Атамбаевге, райондук, облустук жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Канжар Кадыралиев жана Абдисаламга чара көрүүнү суранууда.