Асылбек Жээнбеков: “Өзүнүн тарыхын билбеген элдин тагдыры тайкы, келечеги бүдөмүк”

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде "Эне-Сай кыргыздары" көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Иш-чарага вице-спикер Төрөбай Зулпукаров катышып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун көргөзмөнүн катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп берди.

Кайрылууда булар айтылат:

"Урматтуу замандаштар! Кадырлуу меймандар!

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен "2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы" деп жарыяланып, анын алкагында бир катар иштиктүү иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарына хакас боордошторубуздун Минусинск (кыргызча Миң-Суу) аймак таануу музейинин "Эне-Сай кыргыздары" көргөзмөсүнүн ачылышы да кирет. Бул коомчулук үчүн эң сонун окуя болду десек, эч жаңылбайбыз. Куш келипсиздер, ардактуу хакас боордоштор!

Өзүнүн өткөн тарыхын билбеген, билгиси келбеген элдин арымы кыска, тагдыры тайкы, келечеги бүдөмүк болору анык. Ата-бабаларыбыздын даңазалуу жолу кылымдардан-кылымдарга, муундан-муунга өтүп, учугу узун уламыштарда айтылып келген. Ал улуу жолду илимий негизде тастыктаган кытай булактары менен катар материалдык жактан далилдеген мурастар да бар. Алардын бирин – тарыхый, маданий, этнографиялык табериктер менен археологиялык табылгаларды өз көзүбүз менен көрүп турабыз.

IX-X кылымдарда кыргыздар ордосу Миң-Суу өрөөнүнүн жайгашкан күчтүү Кыргыз кагандыгын түзгөн. Улуу орус окумуштуусу, академик Бартольд ал мамлекетти "Улуу кыргыз державасы" деп атаган. Мына ушул учурда 27 тамгадан турган Орхон-Эне-Сай руникалык жазмасы пайда болгон. Ал таш жазмалар менен балбал таштар азыр Монголиядан Теңир-Тоого чейинки аймактан табылууда.

Биздин ата-бабалар азыркы Кыргызстандын аймагында биротоло орун-очок алганга чейин кыйла татаал, ары катаал жолду басып өтүп, бирдиктүү улут катары калыптанганы белгилүү.

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери кыргыз тарыхы менен улуттук маданиятыбызга байланышкан эл аралык деңгээлдеги бир катар ири иш-чаралар өткөрүлүп келет. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү резолюциясы кабыл алынып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленди. Ал эми былтыр Улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Андан сырткары руханий жана тарыхый көркөм дөөлөтүбүздүн башаты болуп саналган «Манас» дастаны жаатында да көптөгөн иштер жасалды. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленгенин жакшы билесиздер. Ага улай Жогорку Кеңеш тарабынан улуу мурасыбызды сактоого жана жайылтууга багытталган "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, өлкөбүздүн президентинин демилгеси менен ордо калаанын борбордук аянтына Манас атанын эстелиги коюлду. Азыр "Манас" дастанынын академиялык вариантын басып чыгаруу иши колго алынып жатканынан да кабарыбыз бар. Баса, ал жакында эле якут тилине которулганы маалым болду.

Академик Бартольд кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолу Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин бекеринен белгилеп жаткан жери жок. Дал ушул чөлкөмдө кыргыз журтун баштаган ыналдар ажого айланганы, ажолор каганга жетилгени ушул көргөзмөнүн экспозициясынан таасын көрүнүп турат.

Азыр Евразия чөлкөмүндө кыргыз элинин тарыхына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө тиешелүү, азырынча бизге белгисиз даректүү материалдык жана маданий баалуулуктар көп. Алардын баарын изилдөөгө азырынча шаабыз жетпей, али дың бойдон жатканы менен, келечекте сөзсүз колго алынышы керек.

Сөз соңунда бул иш-чараны уюштуруу демилгечилерине, Миң-Суу аймак таануу музейинин жамаатына, көргөзмөнү көркүнө чыгара жасалгалаган Мамлекеттик тарых музейинин жамаатына, ошондой эле көргөзмөнү уюштурууга колдоо көрсөткөн бардык жактарга ыраазычылык билдиремин”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан