Токмокто инкассатор унаасын карактоо учурунда 50 жаштагы эсепчи айым жана 44 жаштагы күзөтчү жабыркады. Учурда алар аймактык ооруканада. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен бүгүн, 3-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда “каракчылык” жана “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу”, “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, бүгүн, 3-ноябрь күнү эртең менен Токмок шаарында инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндүк тапкан кирешеси болгон. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин Бишкектин Панфилов көчөсүнөн белгисиз адамдар тарабынан инкассатор унаасы тонолуп, 1,7 миллион доллар уурдалганы айтылган эле. Айрым маалымат каражаттары бул кылмышка шектүү катары Бишкек ШИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын 2 оперкызматкери жана штаттан тышкаркы милиция кызматкери кармалганын жазып чыгышкан. Бирок бул маалыматты УКМК, Бишкек ШИИББи жана Ички иштер министрлиги да тастыктаган жок.