Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, эл өкүлү Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөн. Анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., “Б.” ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар кирген.

Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы маанилүү препараттардын жана дезинфекциялык каражаттардын санын жогору кылып көрсөтүшкөн. Ал препараттар менен дезинфекциялык каражаттарды “Б.” ишканасы алып келип берет деген шылтоо менен бюджеттен бөлүнгөн акча ишкананын эсебине которулган. Кийин ал акча каражаттарын Урмат Аманбаева жана топ мүчөлөрү өз ара бөлүп алышчу. Мындай коррупциялык көрүнүш 2009-жылдан 2013-жыл аралыгына чейин жүрүп келген. Анын кесепетинен мамлекет 17 миллион 263 500 сом зыян тарткан.

Бул иш боюнча депутат айым бир канча жолу прокуратурага чакырылган, бирок эл өкүлү келген эмес. Учурда ал “Ош-Кардио” медициналык борборунда дарыланууда.

Ал эми кылмыш иши прокуратуранын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bossmos7
2014-11-03 19:32:35
Туура! Ойлодук эле эсепчи болуп эле ? Кандай бутка туруп кеткен деп! Кырк жылда билинет деген ушул.
+8
aitbek.06
2014-11-03 19:59:53
даарыланып жатып эле качып кетишчу эле.
+5
LIVER
2014-11-03 20:00:00
Урмат Аманбаеванын кантип буттан турганынын сыры бул жакта жаткан турбайбы. Эми иш козголуптур, эртен Аманбаеванын бир тууган иниси, биздин Акыйкатчы соройубуз Бакыт Аманбаев жан уроп коргоп чыгат эмеспи, акыйкаттык эжем тарапта деп...
+6
zman53
2014-11-03 20:02:33
Депутаттарга колдонулган бир да кылмыш иши аягына чыга элек.Бул дагы акча жасоонун бир туру окшойт.Оо Коррупция биз сени жене албайт окшойбуз!
+5
Bekzamann
2014-11-03 20:10:50
Башкы прокуратура, Аида Салянова таза иштегенде эбак эле бут чиновниктер абакта отурмак. Башкы прокурор бийликтин заказын аткаруу менен алек.. Акыйкатчы эл тарап болуп койсо ага кысым корсотуп жатышканы..
+2
al-abu-kinesz
2014-11-03 20:21:14
Ушу саясат темасын ээч окугум келбейт да, анчаа мынча окуп калсан ал да жийиркеничтуу маалымат болуп чыгат... кантип адамдык абийири жол берет экен тообо. Адамдын ички дуйносунун кузгусун корсоткон аппараттар чыгарылса аттин....
+3
Manasasman
2014-11-03 20:54:53
Кыжалат болуштун кереги жок. Кармала беришет,оруп жатып алышат, соту жылат аны колдоп жол тосушат. Акыры чет олкого дарыланганы кеткен бойдон жок болуп кетишет. Бизде чон жегендер камалбайт тоок урдагандар камалышат...
+8
Odik11
2014-11-03 22:41:15
Электр жана Жылуулук министриндей болуп, кайра эле суттон ак болуп чыгат да кысталактар. ...
+3
tynara1983
2014-11-04 08:10:17
Тегеле койчу биздин атка минерлерди, ак уйдо отурганда бироо деле ооруп ордун бошотуп оз каалосу менен кетишпейт, анан иш козголгондо еле касал болуп чыга келишет. Эртен еле бул дагы УХХУУУУУУ деген бойунча ооруп атат деп койуп башка мамлекетке кетип калат!!!
+1
Kitaioza
2014-11-04 10:32:10
Бул айым кургак учук оорусуна озу кабыл болсо билет эле канча каражат кетээрин,Аллах сот эмес оору менен жазаласа анан тушунот эле бул пенде да.
+2
Taa1ai
2014-11-04 10:44:50
Окунучтуу бизде жакшынакай жургон чондор иш козгогондо эле инвалид болуп чыга келишет
+1
Akshumkar
2014-11-04 17:08:54
Воспаление хитрости
-1
chet-kyzyl
2014-11-04 20:33:49
мунунда качкандан кийин суротуну камагыла .ушундай чечим жакшы
+1
noname
2014-11-04 22:18:56
А дан баштап Я га чейин камаш керек андай иштери учун.Канчалаган бейтаптын омуру кыйылгандыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан