Токмокто тонолгон инкассатор унаасында 5 миллион сомдун тегерегиндеги акча каражаты болгон

Токмокто инкассатор унаасын тоноо учурунда болжол менен 5 миллион сомго жакын акча каражаты уурдалган. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каракталган акча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон. Акча каражат канча май куюучу жайдан чогулгандыгын учурда ишкананын кызматкерлери тактоодо" деп билдиришти басма сөз кызматынан. Учурда бул иш боюнча “каракчылык” жана “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу”, “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, 3-ноябрда Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолгон. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү “Сайга” үлгүсүндөгү куралды алып кетишкен. Инкассатор унаасындагы 50 жаштагы эсепчи айым ар кандай жаракат алган, ал эми 44 жаштагы күзөтчүнүн колу сынып кеткен. Учурда алар аймактык ооруканада дарыланышууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан