Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш ишинин негизинде Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш ишинин негизинде Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси Б.А. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аталган жаран Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында.

Айта кетсек, буга чейин Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жазган элек. Анда эл өкүлү Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөнү жана анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., “Б.” ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар киргени айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayildik_kiz
2014-11-06 15:52:05
Кооп нерсе жазгым келди эле...Тамак аштарды да арзан баада сатып алып отчетко кымбат баада жазышканын да кыстара кеткиле ......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан