Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кыргызстандык жаранга ок атылды

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кыргызстандык жаранга ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 11-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга тиешелүү эки жүк ташуучу унаа токтоп, контрабандалык жүктү түшүрүп жатышкан. Бул учурда өзбек чек арачылары келип, аларды кармоо учурунда ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Айта кетсек, Кызыл-Кыя - Кадамжай унаа жолу Өзбекстандын аймагын кесип өткөн эки тараптуу транзиттик жол болуп эсептелет. Бул жолдон Кыргызстандын жарандарына токтоого болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nur45
2014-11-11 09:48:55
КР депутаттарга аалам тегиз бирин олуп биртн кал да. Байагы эле бечара карапайум элдер.
+5
kamchatka
2014-11-11 10:40:24
Ошол чек ара аймактарын озбек тарап жон гана ээлеп алган урматту атын очкур Акаевтин тушунда!эми мынтип азабын тарткан карапайым кыргыз дагыле!
+1
rios.07
2014-11-11 11:25:32
Кыргыз жаранына ок атылса, эми ХХХ ХХХ ХХХ...! Жон карап туралбайбыз албетте ХХХ ХХХ ХХХ!!!
+1
admin_portal
2014-11-11 11:39:59
rios.07 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-2
Odik11
2014-11-11 11:54:16
Кор тиргилик да, кармалган адамдар эми майып болуп чыгат, эгер чыкса....
0
yzyldabagyla
2014-11-11 13:37:28
Атандын кору дунуйо КЫРГЫЗЫМДА не куно сат жаныбар сата бер КЫРГЫЗ депутаты жата бер ондурушун жок болсо кыргыз ды да сата бер
0
Bekzamann
2014-11-11 14:20:19
Убагында саткан ошол жерлерди биздин чондор..
0
myrza80
2014-11-11 14:30:00
Озбектер тажиктер кыргыздарды ит аткандай эле атып калышты,мурдагы жылы да ошол жакта бир кыргызды озбектер уйуно кууп келип атып салышкан,биздин э.....р эч нерсе менен иши жок себеби Бишкек алыста озбек тажиктер жетпейт.Баткен облусуна Айбалаевти губернатор кылып берсинчи эч болбогондо.Корунгон жерге эле СДПК партиясын тыга бербей.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан