Бишкекте 8 айлык баласын көчөгө таштап кеткен айым кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ымыркайдын жансыз денеси 3-ноябрь күнү эртең менен Тоголок Молдо жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде баштыкка салынган абалында табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кармалган. Анын айтымында, баласы оорудан улам каза тапкан. Аны жерге берүүгө каражаты жок болгондуктан таштап кеткен. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн 6 жаштагы кызы бар экени белгилүү болгон. Учурда ал кыз балдар үйүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.