29-январда Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде болуп өткөн авиакырсыкта курман болгон кыргызстандык жаран Акрам Низамовдун сөөгү 30-январда Бишкек шаарына алынып келинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 29-январда ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгы маркумдун сөөгүн анын жакындарына жеткирип беришти.