Кыргызстанда өткөн суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт. Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон. Өрттүн кесепетинен адам өмүрүнө зыян келген фактылар катталган жок.