31-январда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна 4 миң 800 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшкөн. Жол тазаланып, бир тараптуу өткөрүү уланып жаткан. Бирок кайрадан көчкү түшүү коркунучу жаралып, жол 1-февралда саат 18:00дөн 08:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.