"Ошто 33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аял үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 24-ноябрь күнү чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 22-ноябрь күнү Кара-Суу районунун 33 жаштагы Гүлнара аттуу тургуну кайрылган. Ал Айнура деп өзүн тааныштырган аял жабырлануучунун оор социалдык абалынан пайдаланып, Түркиядан жумуш таап берүүнү убадалаганын айткан. Официантка же улгайган адамдарга кам көрүүчүнүн ишин таап берем деп Түркиянын жаранына 5 миң долларга сатып жиберген.
Жабырлануучу ал жакта 3 ай ичинде сексуалдык кулчулукта жашап, ал жерден качып чыгып, Кыргызстанга келген. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Айнура Мамытова кармалган.