Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы Пайзулла Рахмановду 28-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн Пайзулла Рахманов Казакстанда кармалып, 29-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Рахманов Бакиевдин бийлиги тушунда Бишкек шаарындагы Свердлов районунун акими, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин директору болуп иштеген.