4-декабрга караган түнү Орусиянын Чеченстан Республикасынын Грозный шаарында унаа жардырылып, ок атышуу орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада террорчулукка каршы операция режими киргизилди. "Бүгүн түнү саат 01:00 чамасында Грозный шаарында үч унаада жүргөн адамдар Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорун аткылай башташкан. Андан соң алар Басма үйүнө киришкен. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 3 адам каза болгону айтылууда. Окуя болгон жерге ИИМ, ӨКМ жана Федералдык коопсуздук кызматынын түзүмдөрү тартылып, Басма үйү курчоого алынган. Азыркы тапта кылмышкерлерди кармоо боюнча операция жүрүүдө",- деп жазышат басылмалар.