Чеченстандагы теракт: Согушчандар мектепте жашынышууда

Бүгүн, 4-декабрга караган түнү Орусиянын Чеченстан Республикасынын Грозный шаарында теракт уюштурган согушчандар мектепте жашынып жатышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, борбор калаада ок атышуу уланууда. "Жалпысынан согушчандар тарабынан 7 адам, Жол-кайгуул кызматынын 3 инспектору жана 4 ОМОНчу каза болгон. Террорчуларга каршы операцияны Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жетектеп жатат. Анын айтымында, бандиттер 12-декабрда, Конституция күнүндө теракт уюштурууну пландап жатышкан. Ал операция бүтмөйүнчө тургундардан сыртка чыкпоону суранган",- деп жазышат басылмалар.
Эскерте кетсек, бүгүн согушчандар укук коргоочулар менен атышкан соң Басма үйүнө жашынып алышкан.
Чеченстандагы теракт: Согушчандар мектепте жашынышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан