Кримавторитет Камчы Көлбаевди абакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды

Кримавторитет Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2-февралдагы чечимине ылайык, Көлбаев 8-мартка чейин абакта калмай болду. Бул тууралуу 4-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, кримавторитет 2012-жылдын 8-декабрында кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Ага кылмыштуу топтун лидери катары "мыйзамсыз түрдө баңгизатын жана курал-жарак сактоо, бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү" сыяктуу беренелер боюнча айып тагылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан