30-31-январь күндөрү Ош шаарында "Сойку" аттуу атайын түнкү рейд жүргүзүлдү. Аталган рейд учурунда денесин саткан 21 айым кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Ош ИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кармалган бардык аялдардын медициналык каттоочу маалыматтары жазылып, ВИЧ, СПИД илдети бар же жок экенин аныктоо үчүн изилдөөлөр жүрүүдө.