Бишкекте 16 жашар кызды зордуктоого шектелип 4 жигит кармалды

Бишкекте 16 жашар кызды зордуктоого шектелип, төрт адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ маалымат кызматы билдирди. Окуя боюнча милиция бөлүмүнө 65 жаштагы Владмир П. аттуу жаран саат 03:00 чамасында Осмонкул - Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде азия улутундагы 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар анын 16 жаштагы небересин күч колдонуу менен зордуктап коюшканын кабарлаган. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 21 жаштагы Н.Азиз, 23 жаштагы Б. Максат, Т.Ильяс  жана 22 жаштагы Т.Нияз кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан