Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы 30670-аскер бөлүгүндө кечээ, 11-декабрда каза болгон лейтенанттын өлүмү боюнча билдирүү жасады.
“Ала-Бука айылында 30670-аскер бөлүгүнүн улук лейтенанты С.Т. курал колдонуу эрежесин одоно бузуу менен нөөмөт убактысын өткөрүп берип жаткан лейтенант Б.Эге карата ок чыгарып, жыйынтыгында лейтенант оор жаракат алган. Окуя кечээ, 11-декабрда болжол менен 17:00 чамасында болгон. Жабырлануучу Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген, бирок өзүнө келбестен, операция учурунда каза болду”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, окуя болгон жерде учурда Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иликтөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой эле бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери дайындалып, Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Жаныбек Капаровдун жетекчилигиндеги офицерлер тобу бүгүн эртең менен Ала-Бука районуна чыгып кетишти.
Маалыматка ылайык, каза болгон лейтенант, 23 жаштагы Б.Э. бөлүктүн штабынын башчысынын жардамчысынын милдетин өтөп келген. Ал 2013-жылы КРнын Куралдуу күчтөрүнүн К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктаган.