Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 12 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинни басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында - 2, Жалал-Абад облусунда - 2, Ош облусунда - 3 жана Чүй облусунда - 5 өрт кырсыгы болгон. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылында чыккан өрттөн Эрмекбаев аттуу жарандын үй-бүлөсүнөн 7 киши жабыр тарткан. Кырсыкка газ баллонун колдонуудагы этиятсыздык себеп болгон. Денесинен күйүк алган жарандар ооруканага жеткирилген.