3-февралда Чүй районунун Токмок – Кошой унаа жолунда жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Окуядан соң жабыркаган 77 жаштагы пенcионер ооруканага жеткирилип, бирок эсине келе албаган калыбында көз жумду. Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Унаанын ээси
23 жаштагы жаран экендиги аныкталды.