Бишкекте ИИМдин №702-ички аскер бөлүгүнөн 39 жоокер качып кетти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Жоокерлердин качып кеткени 3-февралда саат 22:00 чамасында белгилүү болгон. Айтылган маалыматтар боюнча, бул жоокерлер ушул жылдын жаз айларында аскердик кызматын өтөп бүтүшмөк. Учурда качкындар издөөгө алынды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.