Өткөн суткада республика боюнча 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1 өрт кырсыгы болгон. Маалыматтар боюнча, кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок.