Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан талап-тоноо кылмышына шектүү 3 кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди. Окуя боюнча милицияга 19 жаштагы кыз белгисиз бирөөлөр тоноп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Көп узабай Ош шаардык ИИББинин ыкчам иликтөө тобу тарабынан 3 кыз колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.