Бишкек шаарында автокырсыктан 13 адам жабыр тартты

Бишкек шаарында автокырсыктан 13 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет. 4-февралда шаардагы Каралаев жана Сүйөркүлов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 21:00 чамасында БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-210 үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшкөн. Окуянын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу 32 жаштагы Нурлан Ж. жана кичи автобуста бара жаткан 13 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Текшерүүдө БМВ унаасынын айдоочусу 28 жаштагы Тилек Р. мас абалында экендиги аныкталды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ales
2013-02-08 12:52:36
Саламатсыздарбы! мен кантип байланышаарымды билбей ушул жерге кат жазууну туура көрдүм.Менин кат жазуума себепкер болон 4-февралда шаардагы Каралаев жана Сүйөркүлов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 21:00 чамасындаus болгон ДТП. Авария болгон соң маршруткадагылар больницага жеткирилген. Бирок тилекке каршы, ошо бойдон эсине келбей бир нече операция жасалып, чыгымы 60000 ге жакын, ошол бойдон көз жумган жаранда бар, ал маршруткад
0
ales
2013-02-08 12:54:02
ал маршруткада жалгыз эмес болчу, бир тууган сиңдиси да бар эле. Учурда ал дагы больницада моюнунан операция жасалып, бир тууган эжесинен айрылганын али биле элек. Бул эки кыздын ата-энесине абдан эле оор болду. Айтайын дегеним BMV үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунан дайын жок экен. Текшерүүдө БМВ унаасынын айдоочусу 28 жаштагы Тилек Р. мас абалында экендиги аныкталган. Айтымдарында ал органда иштеген инсандын баласы имиш.
Ушул бою
0
ales
2013-02-08 12:55:46
Ушул боюнча кандайдыр бир журналистикалык иликтөө жүргүзө аласыздарбы? Силерге ишенем колуңардан келет. Алдын ала рахмат.
0
admin_media
2013-02-08 13:57:34
ales,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан