Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Менин инимдин жана келинимдин кулактары укпайт жана сүйлөбөйт. Баласы оорукчан болуп төрөлгөндүктөн, ооруканага ай сайын көргөзүп турабыз. Баланы дарылатканга, дары-дармекке мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү? Бул топтогу майыптарга кезекке туруп бекер Бишкектен жер тилкесин алса болот деп укканым бар... Суроо калтырган bishkegim.
Жооп: - КРнын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы “Жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация жөнүндө” №795-токтомунун негизинде 25 категорияга жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация каралган. Анын ичинде угуусу боюнча биринчи жана экинчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 1000 сом өлчөмүндө жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация каралган.
Ал эми жер тилкеси маселеси Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин компетенциясына кирбегендигин билдиребиз. Толук маалымат алуу үчүн туруктуу каттооңуз боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылууну сунуштайбыз.
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.