Москва районундагы Беловодск айылындагы Ленин көчөсүндө 2015-жылдын 1-январында саат 17:15 чамасында Субару автоунаасы менен Тойота автоунаасы кагылышып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары барышып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды автоунаалардын ичинен чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Каза болгондор жана жабыркагандар Москва райондук ооруканасына жеткирилишкен.